1- декабрь СПИД ке каршы күрөшүү күнүнө карата Дөбөлү айыл өкмөтү мектеп менен бирдикте «Биз СПИД ке каршыбыз» ураанын астында жоо жүрүшкө чыгышты.
17-ноябрда Дөбөлү айыл өкмөтүндө шайлоо болуп, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына Дөбөлү айыл өкмөтүнөн 21 жаран өткөн. Алардын сегизи депутат айымдар. 27-ноябрь күнү Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Исмаилов , Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергенов , Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Касымованын катышуусунда мандат тапшыруу аземи болуп өттү. Спикер болуп Эки Нарын айылынын тургуну Б.Шералиев шайланды.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде медициналык кабинет ачылып, 0,5 ставкада мед айым жумушка алынып, окуучулардын ден соолугу көзөмөлгө алынууда.
Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде «Кара кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына» карата волейбол оюну боюнча турнир болуп өттү. (далее…)
Дөбөлү айыл өкмөтүндө Алыш айылында «Түшүм майрамына» карата көк бөрү оюну боюнча өрөөндүк турнир өткөрүлдү.
СПОРТ — ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ!
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛЫНДА КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛҮҮ АЛДЫНДА ТУРАТ. (далее…)
Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде “5-октябрь–Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында, атайын иш чара өткөрүлдү.
“1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата Дөбөлү айыл өкмөтүндө иш- чара өткөрүлдү.
(далее…)
УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА НАРЫН РАЙОНУНА КАРАШТУУ ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ИШЕМБИЛИК БОЛДУ
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн тургуну Иманбекова Гүлзат органикалык чарба жүргүзүп, өз бакчасында жер жемиштерди, дары чөптөрдү өстүрүп киреше таап келет. (далее…)