26-сентябрь күнү Нарын районунун Эки-Нарын айылында мугалимдердин кесиптик майрамына карата спорттук спартакиада болуп өттү.
Спартакиадага Дөбөлү өрөөнүндөгү 7 мектептин мугалимдер жамааттары активдүү катышып, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча өз күчтөрүн сынашты.
Мелдештин жүрүшүндө кол күрөш, аркан тартыш, тогуз коргоол, шахмат, волейбол жана футбол боюнча кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Катышуучулар спорттук даярдыгын, шамдагайлыгын, чыдамкайлыгын жана командалык ынтымагын көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгында жалпы оюндардын упайларынын негизинде:
🥇 1-орун — Дүрбөлөң Мамбетов атындагы мектеп;
🥈 2-орун — Өмүр Токтосунов атындагы мектеп;
🥉 3-орун — Марат Кенжакунов атындагы мектеп.
Спартакиада мугалимдердин кесиптик майрамын спорттук маанайда белгилөө менен бирге, кесиптештердин ынтымагын бекемдеп, сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырган маанилүү иш-чара болду.
