Dobolu

206 балл – талыкпаган эмгектин жемиши

3 Июль 2026 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны: 24

206 балл – талыкпаган эмгектин жемиши: Дөбөлү айыл өкмөтүндөгү эң жогорку көрсөткүч Алыш мектебинин бүтүрүүчүсүнө таандык болду

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы жарыяланып, Нарын районундагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аймагында эң жогорку көрсөткүчтү Алыш жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Кожобаев Акылбек Кенжебекович көрсөттү.

Ал ЖРТдан 206 балл топтоп, мектеп жамаатына, ата-энесине жана жалпы айыл элине чоң сыймык тартуулады.
Акылбек үчүн бул көрсөткүч кокусунан келген ийгилик эмес. Ал ЖРТга даярдыкты 10-класстын башынан тартып эле баштап, тесттин түзүлүшүн, суроолордун форматын кылдат өздөштүргөн. Мектепте алган билимин тереңдетүү менен бирге атайын даярдоо курстарына катышып, мектептен тышкары күн сайын 3–4 сааттан тесттердин үстүндө иштеп турган.
ЖРТнын негизги бөлүгүндө кыргыз тили менен математика өзгөчө мааниге ээ болгондуктан, ал ушул сабактарга көбүрөөк көңүл бурганын белгиледи. Айрыкча кыргыз тилинин грамматикасы жана текстти окуп түшүнүү боюнча тапшырмаларга өзгөчө басым жасаган.
Жыйынтыкты биринчи көргөндөгү сезимдерин Акылбек мындайча эскерет:
«Алгач жыйынтыкты көргөндө абдан толкундандым, атүгүл көзүмө жаш тегеренип кетти. Бир жагынан чексиз кубаныч, экинчи жагынан чоң жеңилдөө сезими болду. Кылган мээнетимдин акыбети кайтып, өзүмө болгон ишенимим дагы бир тепкичке жогорулады.»
Ал даярдык мезгилинде эң чоң сыноо жалкоолук менен күрөшүү болгонун айтат. Бирок алдыга койгон максаты жана ата-энеси менен мугалимдеринин ишенимин актоо каалоосу ага кайра-кайра күч берип турган.
Ийгилигинде эң чоң колдоо көрсөткөн адамдар катары ата-энесин, үй-бүлөсүн жана мугалимдерин өзгөчө белгиледи.
«Мага эң чоң колдоону биринчи кезекте ата-энем жана үй-бүлөм көрсөттү. Алар бардык шарттарды түзүп, ар дайым ишенип турушту. Ошондой эле мени менен бирге толкунданып, колдоп турган мугалимдериме жана жакындарыма терең ыраазычылык билдирем.»
Анын айтымында, мугалимдер жөн гана билим бербестен, ар бир суроонун маңызын түшүнүүгө, туура ой жүгүртүүгө багыт беришкен. Ошондуктан бул ийгиликти өзүнүн гана эмес, мугалимдеринин көп жылдык эмгегинин да үзүрү катары баалайт.
Келечекте Акылбек юрист болууну көздөйт. Бул кесипти тандаганынын негизги себеби – мыйзамдуулукту бекемдөөгө, адилеттүүлүктү орнотууга жана адамдардын укуктарын коргоого өз салымын кошуу.
Быйылкы жана кийинки жылдагы бүтүрүүчүлөргө болсо мындай кеңешин айтты:
«Даярдыкты эрте баштагыла. Максатты так коюп, күн сайын атайын убакыт бөлүп, тесттердин үстүндө үзгүлтүксүз иштегиле. Эмгек сөзсүз өз жыйынтыгын берет.»
Ошондой эле ал Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетишкенине өзгөчө сыймыктанарын жашырган жок.
«Бул мен үчүн гана эмес, мен окуган мектептин жана туулуп-өскөн айылымдын сыймыгы. Бул көрсөткүч биздин айылдагы мектептердин билим деңгээлинин дагы бир далили деп эсептейм.»
Мектеп: «Бул ийгилик – биргелешкен эмгектин жыйынтыгы»
Алыш жалпы билим берүү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы бул жетишкендикти окуучунун, ата-эненин жана мугалимдердин биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы катары баалады.
Анын айтымында, мектепте ЖРТга даярдык атайын график боюнча жүргүзүлүп, апта сайын кошумча сабактар, сынамык тесттер жана жеке консультациялар уюштурулуп келген. Ар бир тесттин жыйынтыгы талданып, окуучулар менен жекече иштер жүргүзүлүп турган.

Мектеп директору Жоомартова Бактыгул Рысбековна жана окуу бөлүмүнүн башчысы Бекжанова Айгерим Акылбекти жоопкерчиликтүү, эмгекчил, максатка умтулган, тартиптүү жана өз алдынча издене билген окуучу катары мүнөздөштү.  Анын убакытты туура пайдалануу жөндөмү жана билимге болгон умтулуусу жогорку көрсөткүчкө жетишине негиз болгонун белгилешти.
Ошондой эле бул ийгилик мектепте билим берүүнүн сапатынын жогорку деңгээлде экенин далилдеп, кийинки бүтүрүүчүлөр үчүн күчтүү мотивация болорун айтып, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетишүү мектеп жамааты үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, мындай ийгиликтер билим берүү тармагында дагы да жогорку натыйжаларга жетүүгө дем берерин кошумчалашты.
Мектеп жетекчилиги мындан ары да ЖРТга даярдоону эрте баштап, кошумча сабактарды күчөтүү, сынамык тесттерди үзгүлтүксүз өткөрүү, ар бир окуучу менен жекече иш алып баруу жана ата-энелер менен кызматташууну бекемдөө боюнча иштер улантыларын билдирди.
Кожобаев Акылбектин 206 баллдык ийгилиги – талыкпаган эмгектин, туура багытталган даярдыктын жана мектеп, ата-эне, окуучунун тыгыз кызматташтыгынын жаркын үлгүсү. Биз дагы бир жолу Акылбекти жана анын ата-энесин, мугалимдерин чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыдагы билим жолунда дагы бийик ийгиликтерди багындырып, мекенибизге кызмат кылган мыкты адистердин катарын толуктасын!

 

И. Мөндүрбаева