Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2026–2027-окуу жылын жаңы шартта жана жогорку деңгээлде тосуп алуу максатында даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.
Учурда мектепте ремонт иштери кызуу жүрүп, окуу бөлмөлөрүн, коридорлорду жана жалпы пайдалануудагы жайларды жаңы окуу жылына даярдоо иштери аткарылууда. Мектептин имаратынын ички бөлүктөрүндө зарыл болгон ремонт иштери жүргүзүлүп, окуучулар үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көңүл бурулууда.
Мындан тышкары, мектептин аймагын тазалоо, иретке келтирүү жана окуу процессине даярдоо боюнча иштер да жүргүзүлүүдө. Класстык бөлмөлөрдүн тазалыгына, санитардык абалына жана окуучулар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Жаңы окуу жылынын башталышына карата мектепте бардык зарыл даярдык иштерин өз убагында бүткөрүү максатында мектеп жамааты тарабынан тиешелүү иштер улантылууда.
Мектептеги ремонт иштеринин негизги максаты — окуучуларга сапаттуу билим алууга, мугалимдерге өз ишин натыйжалуу жүргүзүүгө ыңгайлуу, таза, жарык жана коопсуз шарттарды түзүү.
Жаңы окуу жылы — жаңы максаттардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана жаңы ийгиликтердин башаты. Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин жамааты жаңы окуу жылын жакшы маанай жана чоң максаттар менен тосуп алууга даярдык көрүүдө.

И. Мөндүрбаева