2026-жылдын 6-октябрында Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата ардактуу карыяларыбызга арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты – айыл аймагындагы улуу муун өкүлдөрүнө сый-урмат көрсөтүп, алардын эмгегин, турмуштук тажрыйбасын жана коомдогу ордун белгилөө менен бирге, аларга жагымдуу маанай тартуулоо болду.
Майрамдык иш-чарага Дөбөлү айыл аймагынан чыккан таланттуу акындарыбыз, өнөрпоздор жана жергиликтүү тургундар катышып, кадырлуу карыяларыбызга өз өнөрлөрүн тартуулашты. Акындарыбыздын жүрөктөн чыккан ырлары, термелери жана көркөм сөздөрү кечеге өзгөчө көрк берип, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Улуу муун өкүлдөрү да өз кезегинде жаштарга ак батасын берип, элибиздин ынтымагы, жерибиздин тынчтыгы жана келечек муундун бакубат жашоосу үчүн жакшы тилектерин билдиришти.
Карыялар – элибиздин тарыхын, салтын, нарк-насилин кийинки муунга өткөрүп келе жаткан баалуу мурас. Алардын басып өткөн жолу, акыл-насааты жана турмуштук тажрыйбасы жаш муун үчүн чоң мектеп болуп саналат.
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы айыл аймагыбыздагы бардык ардактуу апа-аталарды, чоң ата-чоң энелерди Карылар күнү менен дагы бир ирет чын жүрөктөн куттуктайт!
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бейпил карылык жана урпактарыңыздардын сый-урматын көрүп, төрүбүздө аман-эсен отурушуңуздарды каалайбыз!

Карысы бар үйдүн – ырысы бар!
Улууларды урматтоо – улуттун улуулугунун белгиси.