Dobolu

Нарында улуттук пелагогикалык форум өткөрүлдү

2 Сентябрь 2026 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны: 12

НАРЫНДА УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМДУН РЕГИОНАЛДЫК ЭТАБЫ ӨТТҮ


2-сентябрда Нарын шаарында «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы башталды.
Нарын облусу форум өткөрүлүп жаткан алгачкы аймак болуп, иш-чарага билим берүү тармагынын 545 өкүлү катышты.
Форумда жаңы окуу жылындагы билим берүү тармагындагы негизги өзгөрүүлөр, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, жаңыланган окуу программалары жана предметтик стандарттар, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, санариптик окуу китептери жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын алкагында секциялык жыйындар өткөрүлүп, адистер катышуучулардын суроолоруна жооп берип, актуалдуу багыттар боюнча түшүндүрмө беришти.
Улуттук педагогикалык форум 2–9-сентябрь күндөрү Кыргызстандын аймактарында өткөрүлүүдө.

IMG_8751