Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Таалайбек кызы Жылдыз Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндөгү мектептерге барып, мугалимдердин кесиптик майрамдары менен куттуктады
Иш сапардын алкагында келечек муундардын сапаттуу жана заманбап билим алуусуна шарт түзүү максатында мектепке интерактивдүү панель белекке берилди.
Заманбап технологиялык жабдуулар окуу процессин өркүндөтүүгө, сабактарды интерактивдүү жана кызыктуу өткөрүүгө, ошондой эле окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.
Интерактивдүү панелдин тапшырылышы мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган маанилүү колдоолордун бири болуп саналат.
Таалайбек кызы Жылдыз билим берүү тармагын колдоо, мектептердин шарттарын жакшыртуу жана жаш муундардын сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү багытындагы иштерди улантуу маанилүү экенин белгиледи.
Мындай демилгелер аймактардагы билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө өбөлгө түзөт.
