Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебине Тынчтык Корпусунун K-32 тобунун ыктыярчысы Гвендолин Урбен келди.
Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Н. Кадырова жана англис тили мугалими Адинай Эсенгулова 21-августта Бишкек шаарындагы «Хаятт» мейманканасынын конференц-залында Тынчтык Корпусунун K-32 тобунун 24 жаңы ыктыярчысынын ант берүү аземине катышып , жаңы ыктыярчылар менен жолугушуп, алдыдагы кызматташуу тууралуу пикир алышып , Гвендолин Урбенди тосуп келишкен.
Гвендолин Урбен алдыдагы эки жыл аралыгында англис тили мугалимдери Адинай Эсенгулова жана Айза Есеналиева болуп биргеликте иш алып барып, окуучулардын англис тилин үйрөнүүсүнө жана тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө көмөк көрсөтүшөт.
Мындай эл аралык кызматташтык окуучулар үчүн англис тилин тереңирээк үйрөнүүгө гана эмес, башка маданият менен таанышууга, дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулууга шарт түзөт.
Кызмат өтөөгө чейин K-32 тобунун ыктыярчылары 11 жумалык даярдоо тренингинен өтүп, кыргыз тилин жана маданиятын, ошондой эле сабак өтүүнүн усулдарын үйрөнүшкөн.

Гвендолин Урбен

Солдо Эсенгулова Адина , оң жакта Гвендолин Урбен

Мектеп директору Назгүл Кпдырова
IMG_9269 IMG_9268

Жаңы окуу жылында Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин жамааты Гвендолин Урбенди жылуу тосуп алышып, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалашты.
Бул кызматташтык окуучулар үчүн англис тилин практика жүзүндө үйрөнүүгө, жаңы маданият менен таанышууга, дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулууга жакшы шарт түзөт.
И. Мөндүрбаева