ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ КҮЗГҮ ОРУП-ЖЫЙНОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аймагында 25-августтан тартып күзгү оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат.
Бүгүнкү күнгө карата дан эгиндерин жыйноо иштери 30 гектар аянтта жүргүзүлүп, түшүмдүүлүк орточо 30 центнерден айланууда.
Мындан сырткары, мал чарбачылыгы үчүн зарыл болгон күзгү тоют топтоо жана чөп чабуу иштери 95%га аткарылды. Айыл чарба иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү багытында дыйкандар жана чарба ээлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Дыйкандарыбыздын эмгеги үзүрлүү болуп, түшүм мол болсун!