Нарын районунун Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин 6- классынын окуучуларынан түзүлгөн «Ак жол» командасы райондук турда 3- орунга ээ болушту.
Нарын райондук Билим берүү бөлүмүнүн жана Ички иштер бөлүмү менен биргеликте түзүлгөн иш пландарына ылайык Кыргыз Республикасынын » Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» командасынын түптөлгөндүгүнө 51 жыл толгондугуна байланыштуу «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024» кароо- сынагынын райондук туру 2024- жылдын 23- апрелде Жан Булак айылында А.Жутакеев мектебинде өткөрүлдү. Сынакка Түгөл уулу Усупбек, А. Тыныбек, М. Байдөлөтов, М.Осмонов, Ө. Токтосунов, А.Жутакеев орто мектептеринен 6 команда катышты.
Иш-чара жаш муундун өкүлдөрүн жол кыймылынын эрежелерин сактоого, жол коопсуздугун камсыз кылууга тарбиялоо максатында өткөрүлдү.
Программа боюнча:
1)Саптык кароо
2)»Жол эрежелеринин билермандары» тесттик суроолор
3) Агитбригада
4) Дубал газета жактоо болду
Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин 6- классынын окуучуларынан түзүлгөн «Ак жол» тайпасы көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун купулуна толуп, биринчи жылы катышып жатса да өзгөчөлөнгөн аракеттери эске алынып бааланды. Тайпанын командасы 3- даражадагы диплом менен сыйланды. Окуучуларга жол коопсуздугун сактоого үйрөтүү боюнча мындан ары да такай иш алып баруу милдеттерин коюшту. Женүүчүлөр баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланды.

Конкурска катышкан командалар

Калыстар тобу

«Ак жол» командасы

Дубал газета жактоо учуру

«Ак жол» командасы
