ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ТҮЗҮЛҮҮДӨ!
Дөбөлү айыл аймагында билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында бир катар долбоорлор ишке ашырылды.
Тактап айтканда, Нарын облустук «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Тамды-Суу айылындагы «Орук-Там» келечеги мектепке чейинки билим берүү мекемесине 400 000 (төрт жүз миң) сом өлчөмүндө долбоор даярдалып, балдар үчүн заманбап оюн аянтчалары орнотулду.
Ошондой эле А. Алсейитов атындагы жалпы билим берүү мектебине 380 000 (үч жүз сексен миң) сом өлчөмүндө «Жашыл бурч» долбоору ишке ашырылып, долбоордун алкагында керектүү жабдуулар орнотулду.
Аталган долбоорлор балдардын эс алуусуна, ден соолугун чыңдоосуна, мектепке чейинки курактагы балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана окуучулардын билим алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жалпы суммасы 780 000 сомду түзгөн бул долбоорлордун ишке ашырылышы Дөбөлү айыл аймагындагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошулган маанилүү салым болуп саналат.
Бул демилгелерди колдоп, ишке ашырууга көмөк көрсөткөн Нарын облустук «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна терең ыраазычылык билдиребиз!
Балдардын келечеги үчүн түзүлгөн ар бир шарт — эртеңки күнгө жасалган инвестиция!
