СПОРТТОГУ ЖАҢЫ ЖЕҢИШ! СТОЛ ТЕННИСИ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЙГИЛИК .
Нарын районуна караштуу, Таш Башат айылынын Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Кыргыз Республикасынын Чемпионатында (U-11, U-16 курактарында) мектебибиздин намысын бийик коргоп келишти!
Кызуу таймаштын жыйынтыгында, 4-класстын окуучусу Асангазиева Мээржан мыкты оюн көрсөтүп, Республика боюнча кыздар стол теннисинен 3-ОРУНДУ багындырды! Бул — кичинекей каармандын чоң жетишкендиги! Азаматсың биз сени менен сыймыктанабыз!🥇✨
Ошондой эле, таймашка активдүү катышып, чеберчилигин көрсөткөн спортчуларыбыз:
🔹 Акылбекова Сумая
🔹 Бакытбекова Раяна
🔹 Рысбекова Нурайым
🔹 Ыдырысов Асанаалы
Бул ийгиликтин артында турган тажрыйбалуу машыктыруучулар Сабыров Акыл жана Субанбеков Кубан агайларга мектеп коллективи терең ыраазычылык билдиришти.

Чечебаева Забира