Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Дүрбөлөң Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары теннис боюнча ийгиликтерди жаратышты.
Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган, стол үстүндөгү теннис боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын тандаоо турунда Дүрбөлөң Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары өзгөчө натыйжа көрсөтүштү!
U-19 (19 жашка чейинкилер) курагында өткөн бул мелдеште, али кичинекей болсо да, өздөрүнөн улуулар менен тең тайлашып, жеңишти камсыз кылган 4-класстын окуучулары:
🥇 1-орун: Бакытбекова Раяна (4-класс)
🥈 2-орун: Асанказиева Мээржан (4-класс)
🥉 3-орун: Рысбекова Нурайым (4-класс)
🥉 3-орун: Ыдырысов Асанаалы

Жаш чемпиондор атайын диплом жана медалдар менен сыйланышып, республикалык турга жолдомо алышты .
Балдарды таптап, спорттун сырларын үйрөтүп келе жаткан Субанбеков Кубан жана Сабыров Акылтай агайларга, мектеп жамааты терең ыраазычылык билдиришти.
Чечеева Забира