Dobolu

«Окурман үй-бүлө» конкурсу балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө өбөлгө түзөт

2 Февраль 2024 жыл 19:34
Көрүүлөрдүн саны: 192

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде башталгыч класстарда «Окурман үй-бүлө» конкурсу өтүлүп жатат. Конкурска ар бир класстан ата-энелер балдары менен бир китепти тандап алышып, ошол китеп боюнча конкурска  даярданышкан. Конкурска даярданууда ата-энелер балдары менен мамилеси жакындаганын жана таалим-тарбия процесси жакшырганын айтышат.

«Окурман үй-бүлө» конкурсуна башталгыч класста баласы окуган ар бир үй-бүлө катыша алат. Үй-бүлөдө балдар менен бирге китеп окууну салтка айландыруу өз натыйжасын бербей койбойт.Андыктан бул жаатта ата-энелер балдарга үлгү болууга тийиш.

«Окурман үй-бүлө» конкурсу

3-класстын окуучулары класс жетекчиси М. Тагаева менен

Башталгыч класстын мугалими Тагаева Майрамкүлдүн айтуусунда:   «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында  класстан тышкаркы  көп иштер аткарылып жатат. Мисалы: «Үй-бүлөнүн окуу клубу», «Китеп куржуну», «Финчилистен», «Окурман үй-бүлө» конкурстары бар.  Ар бир класска   жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша китептерди сунуштап,  ата-энелер менен тыгыз  иш алып барып жатабыз. Быйыл бул конкурс 2-жолу өткөрүлүп жатат. Бул долбоордун максаты- окуучулардын эркин сүйлөөсүнө, оюн жеткиликтүү айтып берүүсүнө жетишүү, ата-энесинин баласынын алдындагы жоопкерчилигин арттыруу, окуучуларды  кандай гана китеп окубасын, андагы каармандарды атап, ролдоштуруп аткарып, окуучуларды ыймандуулукка, жакшылык жасоого, жардам берүүгө, боорукердикке үйрөтүү аракетин жасоо болуп саналат. Бул конкурстун шарттары боюнча ата-эне , баласы менен бир команда болот.

«Билим» командасы өзүн тааныштыруу учуру

«Биринчи кадам» командасы өзүн тааныштыруу учуру

Шарттары:

1) команданын атын , эмблемасын, дубал газетасын чечмелеп берүү.

2) Окуган китеби боюнча блиц суроолорго жооп берүү.

3) Китеп боюнча рольдоштуруп сценка аткарып  берүү.

Китепти көп окуган окуучу  сүйлөө речи кенен болуп, сабакта, керек жерден оюн кенен, түшүнүктүү, терең чагылдырып берет. Ошондой эле китеп окуу менен андагы персонаждар жана анын кийимдери, кыймыл аракетин майдалап сүрөттөп, рольдоштуруп аткаруу жана  суроолорго жооп берүү менен  эс тутумдун мыкты болушуна шарт түзөт. Дагы бир айта кетчү нерсе, мындай конкурстардын көп уюштурулушу  ата-эненин мектеп менен тыгыз байланышта болуусуна шарт түзөт »

Командалардын суроолорго жооп берүү учуру

Рольдоштуруп аткаруу учуру

3-класстын окуучусу Мырзабекова Нурайымдын апасы Мүдүнова Амина:Мен үчүн  кызым менен чогуу китеп окуп, убакытты бирге өткөрүү өзүнчө эле керемет сезим  болду деп айта алам. Санариптешкен заманда  кээде  күнүмдүк түйшүк , жумуш менен алаксып, балдарыбызга жетиштүү көп көңүл бура албай калып жаткан учурларыбыз болуп жатпайбы. Ал эми «Окурман үй-бүлө» конкурсуна катышуу менен, китептеги каарман болуп аткаруу, мен үчүн балалыгыма кайра барып келгендей эле сезим тартуулады. Эң негизгиси балага китеп окуп берүү , өзүмдүн  да, баламдын  да жан дүйнөсүн байытууга жардам берерин, өз алдынча ой жүгүртүүсүнө, кеп маданиятынын калыптануусуна, өз ойлорун, көз караштарын ортого салууга көнүгөөрүн  түшүндүм. Ошондой эле окуу- тарбия процессине да оң таасирин тийгизерин байкадым.

 

 

Индира Мөндүрбаева