Dobolu

Нарын шаарында облустук «Жоокер ыры» кароо сынагы өттү.

25 Апрель 2024 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны: 97

Нарын шаарында  М.Сыдыков орто мектебинде, келечек ээлери болгон жаш муундарды, мекенчилдикке тарбиялоо максатында өткөрүлгөн «Жоокер ыры» аскердик- атуулдук ырларды аткаруу боюнча облустук туру өттү.

Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жана кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын арасында, жаштарды рухий- адеп-ахлактуулук, аскердик атуулдукка, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында өткөрүлүүчү, аскердик атуулдук ырларды мыкты аткаруу боюнча «Жоокер ыры» республикалык конкурсунун облустук этабында, Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин 9- классынын окуучусу Эрмекова Аэлита «Көркөм окуу» номинациясы боюнча 1- орунду багындырып, республикалык турга жолдомо алды.

 

Индира Мөндүрбаева