31-январда Нарын шаарында “ Өнөр кербени” чыгармачыл жаштардын I республикалык кароо- сынагы өттү
Кыргыз Республикасынын “УЛУТТУК ДЕМ — ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” уңгужолу Жарлыгына ылайык 31-январда кароо- сынак Нарын шаарында өткөрүлдү.
“ӨНӨР КЕРБЕНИ-НАРЫН” кароо-сынак фестивалын өткөрүүнүн негизги максаты: жалпы өнөр аркалаган жаштарды колдоо жана аларды эл аралык деңгээлге чыгаруу. Жаштардын өз тилине, маданиятына, тарыхына болгон кызыгуусун өнүктүрүү жана тарбиялоо, улутубуздун баалуулуктарын жайылтуу жана бул багытта жаш жетекчилерге, хореографтарга, өспүрүмдөргө билим берүү. Фестивалга Нарын облусунун бардык райондорунан, Нарын шаарынан улуттук баалуулуктарды камтыган искусствонун, Элдик ыр, дастан айтуу, улуттук аспаптарды ойноо жана кыргыз бий өнөрүн аркалаган 7 – 17 жаштагы таланттуу уул-кыздарыбыз катышты.
Уюштуруу жана өткөрүү:
•Кыргыз Улуттук маданий борбору
•“Достук шаңы” Республикалык чыгармачыл жаштар фонду.
•“Жаш Кыял”- музыкалык театры тарабынан өткөрүлдү.
Сынактын номинациялары:
•Кыргыз бий ансамблдер 3,5 минуттан ашпаган 1 конкурстук чыгарма.
4-6, 7-10, 11-13, 14-17 жаш курактар
•Кыргыз улуттук бий/ жеке аткаруучулар 2 минуттан ашпаган 1 чыгарма
4-6, 7-10, 11-13, 14-17 жаш курактар
• Улуттук бий ансамблдер 3.5 минуттан ашпаган 1 конкурстук чыгарма
• Улуттук бий/ жеке аткаруучулар 2 минуттан ашпаган 1 чыгарма
4-6, 7-10, 11-13,14-17 жаш курактар
• Заманбап бий ансамбльдер 3 минуттан ашпаган 1 конкурстук чыгарма
4-6, 7-10, 11-13, 14-17 жаш курактар
•Элдик ырлар- элдик обондуу, дастандар, арман ырлары, терме, санат, насыят (комуз, аккардеон коштоосунда же минус (- )) — 3,5 минуттан ашпаган 1 конкурстук чыгарма.
7-10, 11-14, 15-18 жаш курактар
•Эстрадалык ыр- 1 конкурстук чыгарма
7-10, 11-14, 15- 21 жаш курактар
•Улуттук аспаптарда ойноо- ансамбль (фольклор) 1 чыгарма.
7-10, 11-13, 14-17 жаш курактар
•Улуттук аспап комузда жана башка инструменнтер жеке аткаруучу- 1 чыгарма.
7-10, 11-13, 14-17 жаш курактар
• Көркөм окуу- 7-10; 11-13; 14-17 жаш( 5 минуттан ашпаган Эркин темадагы кыргыз чыгармаларынан үзүндү (монолог) )
• Вокалдык ансамбльдер – жаш курагына бөлүнбөй, 4 минуттан ашпаган 1 конкурстук чыгарма аткарышты.
Сүрөтчүлөр- ар бир катышуучу “Менин келечегим” темасында саат 9 дан 12.00 го чейин сүрөт тартышты.
3 – 7, 8- 12, 13-17 жаш
• Кол өнөрчүлөр- сынак өткөрүлө турган мекеменин алдында көргөзмө уюштурулуп, мастер класстар көрсөтүлдү.

Бул сынакка Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинен да окуучулар катышып сүрөт боюнча 9- классынын окуучусу Маликова Динара 14-17 жаш курак боюнча 1-орунду, эстрадалык вокал 7-13 жаш курак боюнча 4- классынын окуучусу Турдалиева Айдина 2-орунду камсыз кылып, ийгилик менен кайтышты.

Окуучулар “Жаш толкун” статуеткасы жана грамота менен сыйланышты.
И. Мөндүрбаева