Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүндө чогулуш болду. Чогулуштун максаты: Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2023-жылда аткарган иштери тууралуу жергиликтүү калкка маалымат берүү, элдин сунуш пикирлерин угуу. Жыйындын катышуучулары мекеме кызматкерлерине кызыккан суроолорун узатып, жооп ала алышты.
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Мадимаров Нуридин Султанович баштаган бир катар ар тармактын мекеме жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жыйналыш учуру
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Усупов Казыбек Сырымбетович жергиликтүү тургундарга жыл ичиндеги аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Айыл өкмөтү Усупов Казыбек Сырымбетовичтин отчет берип жаткан учуру
Жыйынга жалпы 174 адам катышты. Жыйында көтөрүлгөн маселелер: ирригация, сугат суулар, электр энергиясы, жайыт жерлерди трансформациялоо, айдоо жерлер, жолдорду оңдоо иштери боюнча маселелер көтөрүлүп, ар бир тармактан келген мекеме жетекчилер суроолорго жооп беришип, айыл тургундары толук кандуу жооп ала алышты.

Жыйналышка катышкан айыл тургундары

Мекеме жетекчилерине айыл тургундарынын суроо берип жаткан учуру

Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович
Жыйынтыгында 2023-жылдагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылып, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салымын кошкон айыл тургундары, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, билим берүү тармагындагы кызматкерлер ардак наамдар жана грамоталар менен сыйланышты.
Индира Мөндүрбаева