Dobolu

Нарын районунда «Жаштар форуму» болуп өттү

29 Апрель 2025 жыл 21:38
Көрүүлөрдүн саны: 60

«ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК, ТАЗА МУУН – КООПСУЗ КЕЛЕЧЕК» АТТУУ ЖАШТАР ФОРУМУ

Бүгүн, 29-апрелде М.Баетов атындагы райондук маданият үйүндө «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек”аталышындагы жаштар форуму болуп өттү.

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинен да «Милициянын жаш жардамчылары» , «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» отряддарынын мүчөлөрү, окуучулар катышып келишти.

Форумда ар тармакта эмгектенген Нарын облусунун чыгаан инсандары катышып, жаш муундарга жакшы тилектерди айтып, мотивациялык кеңештерин беришти.

Ошондой эле жаштарга тарбиялык мааниси терең, жан дүйнөгө таасир калтырган видеороликтер көрсөтүлүп , чакан сценкалар аткарылып, Нарын районунун таланттарынан обондуу ырлар аткарылды.

Бул форумдун негизги максаты— жаштар арасында зордук-зомбулуктун, экстремизмдин, баңгиликке каршы туруу жана коомдук коопсуздукту бекемдөө максатында туруктуу баалуулуктарды калыптандыруу, ошондой эле мотивацияны арттырып, аң-сезимдүү жаштарды калыптандыруу болду.

 

Алия Алымкулова