Dobolu

Нарын районунда «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү

2 Март 2025 жыл 19:36
Көрүүлөрдүн саны: 13

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн, Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинин окуучулары «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы боюнча облустук турга жолдомо алышты

Бүгүн 2- мартта Нарын районуна караштуу  Миң Булак айылынын Актан Тыныбеков орто мектебинде райондук деңгээлде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

Иш чаранын ачылышы

Таймаш учуру

Таймаш учуру

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында мектеп окуучулары арасында райондук алкакта уюштурулган «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин «Көйкашка » командасы 41 команданын ичинен 2-орунду камсыз кылып,облустук турга жолдомо алды.

«Көйкашка» командасынын мүчөлөрү:

1.Кенжебекова Аэлита Кенжебековна

2.Касенова Гулдана Кумарбековна

3.Керимова Аяна Рахатбековна

Жетектеген мугалим Акишева Света Аскарбековна

Сыйлоо аземи

«Көйкашка» командасы

«Көйкашка»командасы.                                                                                                                                     «Манас » айтуу кароо- сынагында Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Кенжебеков Алишер Кенжебекович 26 манасчынын ичинен 3-орунду камсыз кылып,облустук турга жолдомо алды.

 

Кенжебеков Алишер 6- класстын окуучусу

 

«Манас таануу» сынагына  ушул эле мектептен «Эр Манас » тобу да катышып «Жигердүү катышуучу» номинациясына ээ болуп кайтты.

«Эр Манас» командасы

­Андан сырткары «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына Дөбөлү өрөөнүнөн Өмүр Токтосунов орто мектеби «Улуу баян» , Алыш орто мектеби , Казалы Абиров  атындагы орто мектебинен «Мурас» командасы  «Жигердүү катышуучу » номинациясына ээ болуп  катышып келишти.

«Улуу баян»командасы

«Мурас» командасы таймаш учуру

«Мурас»командасы «Жигердүү катышуучу» номинациясы

 

«Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын эн негизги максаты: Жаш муундарга «Манас» эпосун даңазалоо,  патриоттуулукка, эли жерин сүйүүгө тарбиялоо болуп саналат.

 

 

И. Мөндүрбаева