Камаз кулап, айдоочу каза болгон Эки Нарын көпүрөсү жаңыланып жасалып , ишке берилди.
https://www.instagram.com/reel/DOtTyiBiOVE/?igsh=eHVqdm0zZGQ5NWlr
Камаз кулап айдоочусу каза болгон Эки Нарын көпүрөсү кайрадан башынан жасалып бүттү. Алгач, көпүрөнүн пайдубалын даярдашып, арматура орнотулуп, бетон куюшкан. Андан соң көпүрөнүн конструкциясы чогултулуп, көпүрө жасалган.
Азыркы учурда темир тосмолору орнотулуп, тиешелүү жол белгилери коюлуп, көпүрөнүн ачылышы болуп, каттам ачылды.
Жолдун узундугу Нарындан Оруктам айылына чейин 39 чакырымды түзөт.
Эми көпүрөнүн эки тарабындагы айылдар бири- бирине каттам жүргүзө башташты.
Аталган аймакта ГЭС куруу иштери келечекте болооруна байланыштуу, бул көпүрө убактылуу салынган. «Бишкек-Темир»ЖЧК сы тарабынан жасалып , курулуш иштерине «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы тартылган. Келечекте бул аймакта ГЭС курулса бул көпүрө суу астында калаары айтылууда.
Даткайым Кубандыкова