Dobolu

Нарын районун билим берүү бөлүмү тарабынан райондук деңгээлде семинар уюштурулду

4 Март 2025 жыл 18:32
Көрүүлөрдүн саны: 18

Бүгүн 4- мартта Нарын райондук билим берүү  бөлүмү тарабынан «ЖАҢЫ ЫКМАЛАР АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛЫК ИШ ЧАРАЛАРДЫ УЮШТУРУУ: КӨЙГӨЙЛӨРДҮ АНЫКТОО ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ» аттуу семинар уюштурулду.

2025-жылдын 4-мартында жашы жете электер жана мектеп окуучулары арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, рекетчиликтин алдын алуу жана көйгөйлөрдү аныктоо менен заманбап ыкмаларды колдонуп, чечүү жолдорун издөө, ошондой эле спорттун жардамы менен турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү максатында «Жаңы ыкмалар аркылуу тарбиялык иш чараларды уюштуруу: көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдору» аталышындага райондук деңгээлдеги семинар болуп өттү.

Мурат Осмонов атындагы.о.м. прототиби

Керимбай уулу Сарыбай а.о.м. прототиби

Ө.Токтосунов а.о.м. прототиби

А.Аралбаев а.о.м.прототиби

А.Жутакеев а.о.м прототиби

Түгөл уулу Усупбек а.о.м. прототиби

Семинар учуру

Прототипти жактоо учуру

Керимбай уулу Сарыбай а.о.м. прототипти жактоо учуру

Прототипти жактоо учуру

Прототипти жактоо учуру

Прототипти жактоо учуру

Семинардын соңу

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б.Орозалиева

Солдон оңго экинчи НРБББ жетекчиси Исакова Гүлбарчын Бейманжановна

Семинарга жасалган прототиптер

 

Семинарды уюштурган Нарын райондук билим берүү бөлүмү.

Семинарда:

1] «Мектеп жана үй-бүлө кылмыштуулукка каршы күрөштө» (Керимбай уулу Сарыбай а.о.м),

2] «Зордук-зомбулуксуз мектеп» (Өмүр Токтосунов атындагы.о.м);

3] «Рекетчиликтин алдын алуу жана болтурбоо» (Түгөл у.Усупбек а.о.м);

4] «Өзүнө кол салуунун алдын алуу жана аны чечүү жолдору» (Мурат Осмонов атындагы.о.м);

5]»Эрте никеге туруу-сатылган балалык» (Абылкасым Жутакеев а.о.м);

6] «Диний экстремизм, терроризм, улуттар аралык касташуунун алдын алуу», «Адам сатууга каршы күрөшүү» (Абдылда Аралбаев а.о.м.) аталышында прототиптер жасалып, аталган мектептин мугалимдери тарабынан презентация кылынды. Мындан тышкары ар бир тема боюнча буклеттер, дубал газеталар даярдалып, слайддар, видеороликтер көргөзүлдү.

Семинар дене тарбия мугалимдери: Асаналиев Санжар (А.Табалдиев а.о.м.)жана Жапаңов Руслан (К.Абиров а.о.м) тарабынан жаңы ыкмаларды колдонуу аркылуу даярдалган «Күчтүү сапаттарыбызды өнүктүрөбүз» аталышында спорттук иш чарасы менен жыйынтыкталды.

Спорттук иш чара учуру

Спорттук иш чара учуру

 

 

Б. Орозалиева