Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин үч окуучусу Өзбекстанга менталдык арифметика боюнча олимпиадага барып келишти.

Менталдык арифметика
Ташкент шаарында 24-мартта менталдык арифметика боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиадага катышкан жалпы окуучунун саны 2000ди түзгөн. Нарын облусу боюнча жалпы 22 окуучу катышкан. 22 окуучунун ичинен 3 окуучу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин окуучулары. Алар:
-Мусаева Амина 5-классынын окуучусу;
-Кудайбергенова Малика 4-классынын окуучусу;
-Курманбаева Айпери 5-классынын окуучусу ;
экрандык форматта олимпиадага катышып, үч окуучу тең 3- орунга ээ болуп , ийгиликтүү келишти.