Dobolu

Мен чемпионмун мелдешинин облустук тандоо туру өттү

23 Май 2026 жыл 15:52
Көрүүлөрдүн саны: 20

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов жалпы билим берүү мектебинин 4 окуучусу жана Алыш орто мектебинин 1 окуучусу “Мен чемпионмун” аттуу республикалык мелдештин облустук тандоо турунда ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды камсыздашты.

Мелдешке жалпы 5 окуучу катышып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү.
Жыйынтыгында: Өмүр Токтосунов жалпы билим берүү мектебинин окуучулары:
🥇 Жумаев Ислам — 51 кг салмакта I орун
🥇 Жумаев Алишер — 42 кг салмакта I орун
🥈 Аскарбеков Дархан — 50 кг салмакта II орун
🥉 Адилетов Чыныбек — 45 кг салмакта III орун

Алыш орто мектебинин окуучусу:
🥈 Тураров Нурадил — 55 кг салмакта II орун

Мелдештин жыйынтыгында I орунду алган спортчулар 29–30-май күндөрү Бишкек шаарында өтө турган республикалык мелдешке облустун атынан катышууга жолдомо алышты.

Мектеп жеиекчилиги жаш спортчуларыбызга ийгилик каалап, машыктыруучуларына жана ата-энелерине терең ыраазычылык билдиришти

 

 

И. Мөндүрбаева