Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин окуучулары республикалык ZEEN EDUCATION окуу борбору тарабынан уюштурулган ZEEN -2 олимпиадасына катышып ийгиликтерди жаратышты.
Олимпиадага мектеп окуучуларынан 2- класстан математика жана орус тили сабагынан 4 окуучу, 5- класстан математика жана англис тили сабагынан 2 окуучу, 7- класстан орус тили сабагынан 2 окуучу онлайн форматта уюштурулган олимпиадага катышышты.
Жыйынтыгында Нарын облусу боюнча 1- 4- класстын окуучулары арасынан, 2- класстын окуучусу Сүйүндүков Айтемир орус тили сабагынан 1- орунду багындырып, планшет , медаль 🏅, сертификатка ээ болду.

2-класстын окуучулары
Математика жана орус тили сабагынан 2- классынын окуучулары Турдалиева Айдина, Алымкулова Арууке, Акматова Дильназ алдыңкы орундарга ээ болушуп , алтын медаль жана сертификаттарга ээ болушту.

5,7-класстардын арасынан математика, орус тили , англис тили сабагынан Усенова Акылай, Маликова Динара, Алымкулов Алихан, Жээналиев Умар күмүш, коло медалдарга жана сертификаттарга ээ болушту.

5-7- класс
И. Мөндүрбаева