Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинин 7-классынын окуучусу Кенжебеков Алишер манасчылардын эл аралык кароо-сынагына катышып келди.
Жайкы каникул соңуна жетип,жаңы окуу жылы башталаарда Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук идеология багытында чыгарган Жарлыктарын ишке ашыруу алкагында жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 40 жашка чейинки манасчылардын эл аралык кароо-сынагына 7-класстын окуучусу Кенжебеков Алишер Кенжебекович катышып ,байгелүү орунга ээ болуп, уюлдук телефон жана диплом менен сыйланып кайтты.

Кенжебеков Алишер

Кароо-сынакка 30га жакын манасчы катышып, билет таратуу ыкмасы менен өз өнөрлөрүн көрсөтө алды.

Ал эми жаш манасчыны таптап, «Манас» эпосун жайылтууга кошкон зор салымы үчүн мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Акишева Света Аскарбековна Кыргыз улуттук «Манас» театрынын Ардак грамотасы менен сыйланды .
Б. Макилова