Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинде 22- апрель «Бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө» карата жана мектепти жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында көчөттөр отургузулду.
2025-жылдын 22-апрелинде «Бүткүл дүйнөлүк Жер күнүнө» карата окуучулардын экологиялык билимдерин тереңдетүү, жаратылышка болгон сүйүүсүн,жоопкерчилигин арттыруу максатында Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан «Жашыл мурас»улуттук өнөктүгүнүн алкагында Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы Таш -Башат айылынын Мамбет уулу Дүрбөлөң жана Кайыңды айлындагы Марат Кенжакунов атындагы орто мектептерин жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү жана теректердин көчөттөрү отургузулду.

Ошондой эле Жер күнүнө карата маалыматтар берилип,буклеттер , сүрөттөр таратылды.
Иш чарага мугалимдер, окуучулар,жаратылыш кызматкерлери тартылды.
Б.Макилова