Dobolu

Марат Кенжакунов орто мектебинде «Мыкты эне» конкурсу өткөрүлдү

4 Март 2025 жыл 20:47
Көрүүлөрдүн саны: 14

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде «Мыкты эне» конкурсу өткөрүлдү.

Мугалимдер, катышуучу ата-энелер

Жаздын биринчи күнүн утурлай Марат Кенжакунов орто мектебинде башталгыч класстардын мугалимдери Сыдыкова Перизат жана Бектурова Бегайым тарабынан айымдар үчүн «Мыкты эне» конкурсу өткөрүлдү   

Конкурска 6 айым кыздары менен катышып, уюштуруучулар тарабынан берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткарышып, жыйынтыгында

1-орунга Тезекбаева Аида кызы Аяна 22 упай топтоп «Ажарлуу эне,назик кыз» номинациясына ээ болду.

Тезекбаева Аида кызы Аяна

2-орунга Сатындиева Жанаргул кызы Аима менен 21 упай топтоп «Мээримдүү эне ,назик кыз» номинациясына ээ болду.

Сатындиева Жанаргул кызы Аима

3-орунга Тургунбек кызы Назира кызы Аделина менен 20 упай топтоп «Камкор эне, назик кыз» номинациясын камсыз кылышты.

Тургунбек кызы Назира кызы Айыма

Ал эми Асанкадыр кызы Кенжегул кызы Алия менен 19 упай топтоп «Ийкемдүү эне,назик кыз» номинациясына, Боромбай кызы Айзат кызы Элайым менен 19,5 упай топтоп «Эпчил эне,назик кыз» номинациясына, Гүлазык кызы Сезим кызы Акзыйнат менен 19,5 упай топтоп «Эң жаш эне,назик кыз» номинациясына ээ болуп, уюштуруучулар тарабынан грамота жана кызыктыруучу белектерге ээ болушту

Мектеп директору Б.Макилова конкурска катышкан апаларга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирип, үй-бүлөлүк бакыт,бекем ден-соолук каалап өттү.

 

И.Мөндүрбаева