Dobolu

Марат Кенжакунов орто мектебинде китеп окуу сынагы өткөрүлдү

16 Март 2025 жыл 8:26
Көрүүлөрдүн саны: 8

Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде 2025- жылдын 15- март күнү Ата-энелер мектебинин алкагында комузчу, обончу, демократ акын Токтогул Сатылгановдун өмүрү чыгармачылыгына арналган ата-энелер арасында китеп окуу сынагы болуп өттү.

Сынакка 5-6-7-8-класстын ата- энелери катышышты.

Сынактын жүрүшүндө төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди.

1. Токтогул-ысымдын чечмелениши.

2. Тесттик тапшырма.

3.Токтогулдун чыгармаларынан көркөм окуу

4. Токтогулдун өмүр жолундагы урунттуу окуялардан баяндап берүү.

5.Өздүк чыгармачылык (ыр,комузда ойноо ж.б)

    Жыйынтыгында ата-энелер активдүүлүктөрүн көрсөтүшүп,төмөндөгүдөй номинацияларга ээ болушту.                           

1-орунга ээ болуу менен “Өнөрлүү эне-Акылдуу кыз” наамына Жусупова Дариха кызы Асанбаева Арууке;

2- орунга “Активдүү эне-Мыкты окуучу” наамына Тезекбаева Аида уулу Аалиев Жакшылык;

3- орунга “Окурман эне-Зирек кыз” наамына Баймуратова Сырга небереси Сагынбекова Таттуугүлдөр ээ болушту.

📌 Ошону менен бирге “Үлгүлүү устат -намыскөй окуучу” наамына Чабаева Жанаркүл окуучусу Жолдошбек уулу Кутман;

📌“Үлгүлүү үй-бүлө” наамына Аалиев Адылбек кызы Кадыркулова Насыйкат;

📌“Ийгиликтүү мугалим-аракетчил окуучу” наамына Төлөнбай кызы Миңайым жана Малабеков Эржандар ээ болушту.

 

Сынак ыр-күүлөр менен коштолуп,эң жогорку деңгээлде өттү.Сынактын катышуучулары Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

✍️А.Алымкулова