Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы китепканасында мектеп окуучулары менен биргеликте кыргыз тилинин 36 жылдыгына , мамлекеттик тилдин бир айлыгына карата » Тилдин келечеги- жаштардын колунда» аттуу тегерек стол өтүлдү.
23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн китепканасында мамлекеттик тилдин бир айлыгына карата «Тилдин келечеги – жаштардын колунда» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарада мектеп окуучулары , мугалимдер жана активдүү жарандар мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы, анын өнүгүүсү жана келечектеги орду тууралуу баарлашып, баалуу ой-пикирлерин ортого салышты.





Бул жолугушуу кыргыз тилин урматтап, аны кийинки муунга таза, бай жана көркөм абалда өткөрүп берүү үчүн маанилүү кадамдардын бири болду.
Андан сырткары иш чарада айыл өкмөт кызматкерлери окуучуларга тил жөнүндө көркөм окууларды окуп беришип, унутта калып бара жаткан эскирген сөздөргө кайрылышып, окуучулар менен чогуу маанилерин талкуулашты.


Окуучуларга иш чара кызыктуу болду. Өткөрүлгөн иш чаранын негизинде мектеп окуучулары китепканадагы кызыктуу адабий китептерден жазылып алышып, окуу үчүн үйлөрүнө алып кетишти. Бул сыяктуу иш чаралар жаштарды китеп окууга шыктандырып, тилдин баалуулугун, барктуулугун арттырып , жаштардын жүрөгүндө патриоттук сезимди ойготот.


«Мамлекеттик тил – биздин сыймыгыбыз!»
А. Алымкулова