Dobolu

Малдардын шарп оорусу жүрүп жатат

4 Ноябрь 2025 жыл 18:36
Көрүүлөрдүн саны: 27

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айылдарында учурда малдардын шарп оорусу жүрүп жатат

Кыргызстандын айыл чарбасында малдын саламаттыгы-өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугунун негизги бөлүгү.

Айрыкча, ача туяктуу малдар арасында кеңири таралган шарп оорусу көптөгөн фермелер үчүн олуттуу маселе бойдон калууда. Бул жугуштуу ылаң  тууралуу Дөбөлү жана  Алыш айылдарынын ветеринарлары Ишенбай Дүйшөбаев жана Зарлык Жаналиев кеңири маалымат берип өтүштү.

Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылынын ветеринары Жаналиев Зарлыктын айтымында , шарп- өтө жугуштуу вирус аркылуу жугчу  ылаң.Бул ооруга негизинен  ача туяктуу малдар- уй, кой, эчки чалдыгат. Оорунун таралышына вирус себепчи болот. Ал малдын малга шилекейи аркылуу , ошондой эле адамдан , базардан , канаттуулардан, чымын-чиркейден да жугушу мүмкүн.

-Оорунун белгилери кандай болот?

Негизги белгилери төмөнкүлөр:

  • Малдын жөтөлүшү
  • Көздүн кычышуусу жана жаш агышы
  • Арыктоо
  • Чөп жебей калуусу

-Кантип дарылоо керек?

Малдагы жараларды жана сезгенген жерлерди йод, калий марганцовкасынын эритмеси менен  дезинфекциялоо зарыл. Оорулуу жаныбарлар үйүрдөн бөлүнүп обочо кармалышы шарт.Аларга жумшак аш болумдуу тоют жана таза суу берилип, ооз көңдөйү антисептикалык дары каражаттары менен жуулат.Ооруну басаңдатуучу антибиотиктер жана майларды колдонуу сунушталат. Ал эми азыркы учурда мал ээлери көк таш, йодду  пайдаланышып, антибиотиктерди сайып дарылап жатышат. Биз да жеринде барып кеңештерибизди берип , дарылоого жардам берип жатабыз.

Жаналиев Зарлык

Малды дарылап жаткан учуру З. Жаналиев

Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын ветеринары Ишенбай Дүйшөбаевдин айтымында , бул оорунун алдын алуунун эң негизги  жана ишенимдүү жолу- убагында жана план боюнча эмдөө жүргүзүү. Малдарды ар 6 ай сайын эмдеп туруу сунушталат. Эмдөөдөн өткөн малдар шарп менен оорубайт, ооруса да жеңил өтөт. Мындан тышкары , ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоо  сарайларда дезинфекциялоо, мал базарларына  этият мамиле кылуу -оорунун жайылышын алдын алат.

Практикалык мисалдарга кайрылсак: Дөбөлү айылында  1000 баш ири мүйүздүү мал катталган. Алардын ичинен 922си эмдөөдөн өткөн. Азыркы учурда айылдагы эпизоотиялык абал туруктуу бааланууда.

Ал эми Алыш айылында 500гө жакын малды дарылап турушат. Жаналиев Зарлык белгилегендей , кээ бир фермерлер эмдөөдөн баш тарткан учурлар да болууда:

«Быйыл эки үй-бүлө эмдөө жасатпай койгон малдары ооруп калды. Алар өз алдынча дарылашты, бирок бул туура эмес мамиле. Эгер эмдөө жүргүзүлбөсө, оору жайылат да, мамлекетке  чоң чыгым алып келет»-дейт ал.

Андан сырткары вет врачтар малдын түрүнө кездешчү башка ооруларды алдын алуу үчүн вакциналарды сайып жатышкандарын белгилешти.

Шарп оорусу- жөнөкөй көрүнгөнү менен , тез жугуп, мал чарбасына олуттуу зыян келтириш мүмкүн. Бул ооруну алдын алуу-ар бир мал ээси үчүн жеке жоопкерчилик. Эмдөө- ооруну токтотуунун эң натыйжалуу жолу. Мал доктурлардын айтымында санитардык эрежелерди  сактоо жана туура түшүнүк менен мамиле кылуу — айыл чарбасын сактап калуунун негизги шарты

 

 

Даткайым Кубандыкова