Dobolu

“Өмүрдөн кымбат Ата Журт интеллектуалдык сүрөт сынагы уюштурулду

19 Май 2026 жыл 5:23
Көрүүлөрдүн саны: 25

Нарын шаарында облустук деңгээлде 18- майда “Өмүрдөн кымбат Ата-Журт” — мекенге болгон сүйүүнү, билимди жана ынтымакты даңазалаган интеллектуалдык сүрөт таймашы болуп өттү.

Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Нарын шаардык балдарга билим берүү борбору тарабынан уюштурулган облустук деңгээлдеги “Өмүрдөн кымбат Ата-Журт” интеллектуалдык таймашына катышып, өздөрүнүн мыкты даярдыгын, терең билимин жана тапкычтыгын көрсөтө алышты. Таймашка катышкан 4 команданын ичинен алдыга озуп чыгып, сыймыктуу I орунду жеңип алышты!


Бул жеңиш — окуучулардын билимге болгон кызыгуусунун, талыкпас эмгегинин жана жоопкерчилигинин жыйынтыгы. Ошондой эле алардын ийгилигине салым кошкон мугалимдердин үзүрлүү эмгеги менен мектеп жамаатынын бекем колдоосу чоң роль ойноду.
🌟 Команда мүчөлөрү:
• Кубандыкова Даткайым
• Маликова Динара
• Искакова Раяна
• Туратбекова Асенат
• Ырыскулова Аяна
Жеңиш менен келген окуучуларды мектеп жамааты кубаныч менен тосуп алышты.

 

Датквйым Кубандыкова