Dobolu

Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Акыркы коңгуроо” салтанаты жогорку деңгээлде өткөрүлдү

30 Май 2026 жыл 20:13
Көрүүлөрдүн саны: 17

Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарган жана бүтүрүүчүлөрдү чоң турмушка узаткан “Акыркы коңгуроо” салтанаты өзгөчө шаң менен өткөрүлдү.

Салтанатка мектеп жамааты, ата-энелер, ардактуу коноктор жана окуучулар катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, келечектеги ийгиликтерине тилектештиктерин билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен башталып, мектеп администрациясы тарабынан окуу жылынын жыйынтыктары чыгарылды.

Салтанаттын жүрүшүндө окуудагы жетишкендиктери, олимпиадалардагы ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулар сыйланышты. Райондук жана облустук олимпиадаларга катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн окуучуларга Асанбай ата атындагы стипендия тапшырылды.
Ошондой эле билимге болгон умтулуусу, үлгүлүү жүрүм-туруму жана жетишкендиктери үчүн бир катар окуучулар Олжобаев Муталип агай атындагы стипендияга  татыктуу болушту.
Мындан сырткары, окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн таланттуу окуучуларга район акиминин стипендиясы ыйгарылып, алардын эмгеги жогору бааланды. Бул сыйлык окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырып, жаңы ийгиликтерге шыктандыруучу чоң дем болуп калды.
Салтанаттын алкагында билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымы жана окуучулардын жетишкендиктерине кошкон салымы үчүн бир катар мугалимдерге Ардак грамоталар тапшырылды. Мугалимдердин көп жылдык эмгеги бааланып, аларга терең ыраазычылык билдирилди.

Майрамдык иш-чарада окуучулар тарабынан даярдалган ыр-бийлер, көркөм окуулар жана сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн сүйүктүү мугалимдерине жана ата-энелерине терең ыраазычылыктарын билдирип, жүрөк толкуткан каалоо-тилектерин айтышты.
Класс жетекчилеринин насаат сөздөрү, ата-энелердин ак баталары жана бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу вальсы салтанаттын өзгөчө таасирдүү бөлүгү болду. Иш-чаранын соңунда акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөр үчүн мектептеги балалык доордун соңку барагы жабылып, жаңы турмуш жолуна кадам ташталды.

Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин жамааты бардык бүтүрүүчүлөргө, сыйлык жана стипендияларга татыктуу болгон окуучуларга, ошондой эле Ардак грамота менен сыйланган мугалимдерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.

Акыркы коңгуроо – бул коштошуу гана эмес, жаңы максаттарга жана жаңы ийгиликтерге карай башталган жол. Ак жол силерге, бүтүрүүчүлөр!

А. Алымкулова