Dobolu

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебине STEM жабдуулар келди

4 Март 2025 жыл 20:25
Көрүүлөрдүн саны: 12

Ага Хан фонду “Мектептер 2030” программасынын алкагында республика боюнча 70 мектепке STEM жабдууларын өткөрүп берди.

Алардын арасында Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебине STEM  жабдуулар келип , жалпы мектеп жамаатына жана окуучуларга кубанычтуу жаңылык болду.

STEM материалдары математика, биология, химия, физика предметтери боюнча изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзүү үчүн микроскоп, колба, штатив ж.б. куралдардын жыйындысын камтыйт жана окуучулардын билим билгичтиктерин, дүйнө таанымын өнүктүрүүгө жана мектептин дизайн командалары иштеп чыккан инновациялык чечимдерди ишке ашырууга мыкты жардам берет. Бул демилге 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт жана заманбап талаптарга ылайык окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга зор салымын кошот.

“Мектептер 2030” программасы – Афганистан, Бразилия, Кения, Кыргызстан, Пакистан, Португалия, Тажикстан, Танзания жана Уганда мамлекеттеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жыйынтыктарды изилдөөгө багытталган 1000 мамлекеттик мектепке чейинки, башталгыч жана жалпы билим берүү мекемелери менен иш алып барган 10 жылдык программа.

 

Бул программа боюнча да Өмүр Токтосунов атындагы орто мектеби 2020- жылдан баштап ийгиликтүү иш алып барып жатышат.

 

Бул программанын алкагында мектепке мындан башка да көптөгөн жабдуулар буга чейин келген. Айта кетсек тигүү машинасы жана башкалар.

 

 

И. Мөндүрбаева