Dobolu

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде «Улуттук нарк-улут уңгусу» аттуу иш чара өтүлдү

15 Декабрь 2024 жыл 18:18
Көрүүлөрдүн саны: 18

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 12- декабрда «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү» жөнүндө улуттук программанын негизинде  иш чара өтүлдү.

Кыргыз мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи болгон улуттук нарк аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын тереңинде жок болуп же башка элдерге сиңип кеткен эмес, атын жоготпой, тарыхта өз изин калтырды.

 

«Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдердин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялашыбыз керек.

 

Ушул максатта «Улуттук нарк- улут уңгусу», «Кыздар- коомдун күзгүсү» лозунгдун астында иш чара өтүлдү

Кыргыз бийи номери

Улуттук каада салт номери

Кыргыз бийи

Кол өнөрчүлүк номери

Улуттук кийимдер номери

Командалар

Алып баруучулар

Иш чарага 6-9-класстын окуучу кыздарынан куралган «Кыз бурак» жана «Улуу баян» командалары катышышты. Бул иш чаранын өзгөчөлүгү кыздары менен кошо апалар да иш чарага катышканы болду

Командалар иш чарада жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүштү.

 

Натыйжада «Улуу баян» командасы алдыга чыгып, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Урбаева Сыягул эже, Абдыжапарова Айнура эже, Иманова Кымбат эже, Сатарова Тынара эжекелер спонсор болуп, командаларга  акчалай сыйлык беришти.