Нарын районунун, Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинде, ата-энелерге 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ боюнча маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мектеп директору Б.Макилова 12 жылдык билим берүү боюнча ата- энелерге кеңири маалымат берди. Бул билим берүү системасы боюнча маалыматы жок ата- энелер үчүн маалыматтар жаңы жана пайдалуу болду.

Жыйналыш учуру

Презентация

12 жылдык билим берүү боюнча презентация

Катышкан ата-энелер

Ортодо мектеп директору Б.Макилова

Жыйынтыгында ата — энелер:
-12 жылдык билим берүүнүн жаңы моделине өтүү менен билим сапат жакшырарын;
-10-11-12-класста кесипке багыт алышарын,окууну аяктап жатып,келечектеги кесибин тандоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн;
-дүйнөнүн 150 мамлекети 12 жылдык билим берүү менен окутулаарын,эң өнүккөн мамлекеттерде (Европанын өлкөлөрү, Канада,АКШ,Австралия,Кытай ж.б.) 12 жылдык билим берүү системасы менен окутуларын;
-жогорку окуу жайларда окутуу өзгөртүлөрүн;
-12 жылдык билим берүүгө этап-этап менен өтүлөөрү жана Кыргызстандын билим берүү стандарттарын эл аралык талаптарга шайкеш келтирип, бүтүрүүчүлөрдү атаандаштыкка жөндөмдүү болууга даярдай турган билим берүү системасы экендиги тууралуу кеңири маалымат алышты.
И.Мөндүрбаева