25- декабрда Дөбөлү айыл өкмөтүндө *“Үлгүлүү үй-бүлө”* аттуу маанилүү иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чарада ынтымактуу, татыктуу, коомго үлгү боло алган үй-бүлөлөр сыйланып, алардын тажрыйбалары бөлүшүлдү.
Иш чаранын максаты – үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо, жаштарга туура багыт берүү жана коомдогу ынтымакты чыңдоо болду.
Дөбөлү айыл өкмөтүнөн бул иш чарага 3 үй-бүлө катышкан.

Дөбөлү айылынан: Мамытов Уланбек, Абдрахманова Айнагүл I орун;
Таш Башат айылынан: Тагаев Адылбек, Мамбетова Мунаркүл II орун
Алыш айылынан: Курманбеков Чубак, Садырбек кызы Нуриза III орун
Бардык катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилип, диплом жана баалуу белектер таршырылды.
Биримдиктүү үй-бүлө – бекем коомдун пайдубалы!
И. Мөндүрбаева