Dobolu

Кыздар арасында стол үстүндөгү теннис оюну өттү

11 Май 2025 жыл 15:02
Көрүүлөрдүн саны: 48

Нарын шаардык спорт мектебинде  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80жылдык мааракесине жана Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата 2025-жылдын 10-майында 2007-2009-жылы төрөлгөн кыздар арасында стол үстүндөгү теннис  оюну болуп өттү.

Бул оюнда Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин окуучулары 1-2-3-орунду камсыз кылышты.

Тактап айтсак:

🥇орунду 9-класстын окуучусу

Каленова Жазмина Жолдошбековна ,

🥈орунду 10-класстын окуучусу

Төлөбекова Нуриза Бактыбековна ,

🥉орунду 10-класстын окуучусу

Касенова Гулдана Кумарбековна

Марат Кенжакунов орто мектебинин мугалимдери ,  окуучуларды таптап,талыкпай даярдап алып барган мектептин дене тарбия мугалими Сабыров Акылбек Бейшековичке терең ыраазычылык билдирип,бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап өтүштү.

 

Б.Макилова