Dobolu

Кышкы кийим таратуу долбоору

26 Январь 2026 жыл 20:00
Көрүүлөрдүн саны: 10

Бүгүн 26- январь күнү Нарын шаарында  Нарын облусундагы  аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдүн балдарына кышкы кийимдер таратылды.

Бул кайрымдуулук иш чарасы Бириккен Араб эмираты Кызыл Ай коому, “Ихсан- Хайрия” фонду тарабынан каржыланып Нарын шаарында , драм театрда  жалпы 300 балага жылуу кышкы куртка, топу, бут кийимдер таратылды.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айылдарынан да аз камсыз болгон, көп балалуу үй- бүлөлөрдүн балдары,  Нарын шаарына барып жылуу кышкы кийимдерди алып келишти.

И. Мөндүрбаева