Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинин окуучусу «Кыргызстандын мыкты окуучусу -2025» Республикалык сынагына катышты.
Бишкек шаарындагы «Керемет холдинг» компаниясы аркылуу республика боюнча өткөрүлүп жаткан «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу — 2025» конкурсуна Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу, мектептин президенти Жолдошбек уулу Кутман катышып, «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу-2025» номинациясынын II даражадагы дипломунун ээси болду.

Жолдошбек уулу Кутман

Г.Мадаминов агай менен

Сыйлоо аземинен кийин

Бул сыйлык мектеп жамааты үчүн чоң сыймык болду. Эже- агайлары Кутманга мыктылардын сап башында бол,бул сыйлык ийгилигиндин башаты болсун, чек болбосун, алдыда боло турчу ЖРТ сынагында да эң жакшы жетишкендикке жетишине тилектешпиз деп каалоолорун айтышты.
И.Мөндүрбаева