26-май күнү Дөбөлү айылынын маданият үйүндө бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Кош бол, бала бакча!» аттуу майрамдык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Саат 10:30да башталган салтанатка ата-энелер, ардактуу коноктор жана эмгек жамааты катышып, бүтүрүүчү бөбөктөргө ак жол каалашты. Майрамдын эң толкунданткан ирмемдеринин бири – мотурайган бөбөктөрдүн кол чабуулар менен музыканын коштоосунда аппак килемден басып өтүшү болду. Бул алардын билим жолуна жасаган алгачкы кадамынын символу болуп калды.
Кечеде тарбиячы эжекелери менен биргеликте даярдалган кызыктуу программа тартууланды. Балдардын бала бакчага жаңы келген күндөрүн эске салган видеоролик көрсөтүлүп, алардын өсүп-жетилгендиги дагы бир жолу даңазаланды. Кыргыз элинин улуу мурасы болгон Манас эпосунан үзүндү айтып, кыргыз боз үйүн даңазалаган ырларды аткарышып, улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын көрсөтүштү.
Бөбөктөр кыргыз, орус жана англис тилдеринде саламдашып, келген конокторду кубандырышты. Ошондой эле ыр-бийлерди аткарып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Балдардын ар бир чыгармасы көрүүчүлөрдүн зор кол чабуусуна татып, майрамга өзгөчө шаң тартуулады.
Кеченин соңунда «Кош бакчам» аттуу ыр жаңырып, бүтүрүүчүлөр сүйүктүү бала бакчасы менен коштошушту. Сөз кезеги бакчанын директору Гүлжан Жолболдиевага, жергиликтүү кеңештин депутаты жана бала бакчанын мурдагы директору Кенже Баатыркановага, ошондой эле ата-энелерге берилип, алар бөбөктөргө ак тилектерин айтышты.
IMG_7683
IMG_7685
IMG_7686
Майрамдын жүрүшүндө тарбиялануучуларга сыйлыктар тапшырылып, алардын билимдүү, тарбиялуу болуп өсүшүнө чоң салым кошкон тарбиячылар Мүдүнова Амина жана Камчыбек кызы Адина эжекелерине ыраазычылык билдирилип, белектер тапшырылды.
Бул күн бөбөктөрдүн эсинде өмүр бою сакталчу унутулгус күндөрдүн бири болуп калды. Бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол, кең келечек жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!