Dobolu

Казалы Абиров атындагы орто мектебинде китеп конкурсу өткөрүлдү

4 Март 2025 жыл 19:31
Көрүүлөрдүн саны: 39

Бүгүн 4- мартта Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын Казаалы Абиров атындагы орто мектебинде ата-энелер арасында уюштурулган «БАЛАНЫ ТАРБИЯЛАБА, ӨЗҮҢДҮ ТАРБИЯЛА » аталыштагы китеп жарыш болуп өттү.

Китеп жарышка бала тарбиясына кайдыгер карабаган мыкты ата-энелер активдүү катышып, мыкты иш-чара болду. Ата-энелер бала тарбиялоодогу өз кемчиликтерин жана катачылыктарын моюнга алып, мындан аркы бала тарбиясына тиешелүү маселелерди кылдаттык менен карап, олуттуу кабыл алууга бири-бирин үндөп өтүштү.

Конкурс учуру

Конкурста жеңүүчүлөрдү сыйлоо учуру

Конкурста жеңүүчүлөрдү сыйлоо учуру

Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо учуру

Китеп жарыштын ата-энелердин ичинен жигердүү катышып 3-орунга Нурмамбетов Доктурбек, 2-орунга Ажымүдүнова Нурзат, 1-орунга Сарсарова Майрамкүл татыктуу болуп, демөөрчүлөрүбүз-Салкын-Төр мамлекеттик паркынын кызматкерлери тарабынан даярдалган баалуу белектердин жана атайын даярдалган диплом, ыраазычылык кат жана кызыктуу китептер менен сыйланышты.

 

И.Мөндүрбаева