Dobolu

Кайыңды жайлоосунда этно- фестиваль өттү

20 Июль 2025 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны: 50

Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды жайлоосунда Нарын мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган кыргыздын баба салтын , эне адебин даңазалаган этно- фестиваль өттү.

Бул иш чара 19-июлда КР Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жарлыгынын алкагында «Баба салты, эне адеби» аталышындагы этно фестиваль болуп өттү.

Иш чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Иманалиева Айдана Керимбековна келип катышты.

Сол тарапта Иманалиева Айдана Керимбековна

Оңдон солго Нарын райондук администрациясынын башчысы Мадимаров Нуридин Султанович,   ортодо Нарын райондук администрация башчысынын орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна

 

Фестивалга Нарын районуна караштуу бардык айыл өкмөттөр келип катышышты. Бардык айыл өкмөттөрго тапшырмалар берилип , боз үйлөр тигилип, берилген тапшырманын негизинде иш чарага даярданышкан.

Фестивалдын алкагында Нарын райондук маданият үйүнүн кызматкерлери, айыл өкмөттөр, мекеме кызматкерлери тарабынан концерттик иш чаралар даярдалып, кыргыз элинин үрп- адаттары, каада-салттары көрсөтүлүп, улуттук оюндары ойнолуп, айыл өкмөттөрдүн тургундары тарабынан тамак аш, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулуп, элдин купулуна толду.

Улуттук сырт кийимдер

Улуттук кийимдер

Өрмөк согуу

IMG_2027

IMG_1999

Дөбөлү айыл өкмөтү каада салттардын ичинен ата бабаларыбыз аздектеп, укумдан тукумга өтүп келе жаткан   «Өрүш алуу» салтын көргөзүштү. Салтты көргөзүү үчүн айыл өкмөт кызматкерлери мыкты даярданышкан. Салтты көрсөтүүдө ата бабаларыбыз көчмөн калк болгондуктан ар дайым алкынтып ат минип ат үстүндө жүргөнүн, ат үстүндө бешик өңөрүп, бала учкаштырып, жаңы конушка келгенде бата тилешип,  чыныгы ата бабаларыбыздын жашоосун чагылдырып беришти.

Көч

Элечектүү энелер

Келиндер



IMG_2035

Ошондой эле иш чарада башка аймактардан келген кадырлуу коноктор , чет мамлекеттик жарандар, жергиликтүү тургундар да жүрүштү. Келген конокторго кыргыз элинин каада- салттары, үрп- адаттары көрсөтүлүп, улуттук кийимдер көргөзмөсү көрсөтүлүп, улуттук буюмдарды алып чыгышып, улуттук тамак аштын түрлөрүнөн даам сызышып, кол өнөрчүлөрдүн өнөрлөрүн , улуттук кыргыз оюндарынын түрүн жеринен көрүшүп, соңунда ыр күүлөр менен коштолуп унутта калып бара жаткан жөрөлгөлөр сахналаштырылып көргөзүлдү.

 

И. Мөндүрбаева