Dobolu

Иштин башы-ишемби

1 Апрель 2024 жыл 19:57
Көрүүлөрдүн саны: 76

30-мартта Дөбөлү айыл аймагында ишембилик өткөрүлүп, айыл аймагында көчөлөр, мекемелердин короолору, талаа бойлору,  таштандылар тазаланып, көп жумуштар аткарылды.

Ишембиликке мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышты.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тазалыкты камсыздоо максатында 3 айлык ишембилик жарыяланды.

Мындай ишембиликтер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, өз кезегинде тазалык менен бирге табиятка аяр мамиле кылуу, аны көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп турмакчы .

Ишембилик учуру

Көчөнүн бойлорун тазалоо учуру

Көчөлөрдү тазалоо

Айыл өкмөт кызматкерлери

Талааларды тазалоо учуру

Мекеме кызматкерлери

 

 

Жайна Келдибек кызы