УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА НАРЫН РАЙОНУНА КАРАШТУУ ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ИШЕМБИЛИК БОЛДУ
13 -сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” N305 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндө мекеме кызматкерлери тарабынан ишембилик болуп өттү.
Ишембиликке мектеп, бала бакча, айыл өкмөт, √30 кесиптик лицей, ФАП кызматкерлери катышышты.
Ишембиликтин алкагында айыл аймагындагы коомдук жайлар, социалдык объектилердин айланасы, жолдун жээктери таштандылардан арылып, ирээтке келтирилди.
Ишембиликке катышып, тазалыкты сактоого салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.