Dobolu

Дубан башчынын эл менен жолугушуусу

4 Июнь 2026 жыл 18:17
Көрүүлөрдүн саны: 14

Дубан башчынын Нарын районунун эли менен жолугушуусу Дөбөлү айыл аймагында өттү


Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын районундагы эл менен жолугушууларын улантып, бул жолу Дөбөлү айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууга Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Алыш, Кеңеш, Дөбөлү, Таш-Башат, Кайыңды, Эки-Нарын жана Тамды-Суу айылдарынын тургундары катышып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нурбек Сатаров аймакта аткарылып жаткан иштер, мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле тургундардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

Бул жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген элдин үнүн угуу, көйгөйлөрүн жеринде чечүү жана мамлекеттик бийлик менен жарандардын ортосундагы түз байланышты камсыз кылуу тапшырмасынын негизинде өткөрүлүүдө.

Жолугушуунун негизги максаты — эл менен бийликтин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөө, жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү өз убагында аныктап, аларды жеринде чечүү аркылуу аймактардын өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Жолугушуунун соңунда тургундар тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылып, аймакты өнүктүрүүгө багытталган маселелер көтөрүлдү. Мындай жолугушуулар элдин үнүн бийликке жеткирүүгө жана жергиликтүү көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди