Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылында 15-апрелинде Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын дастанчылары «Дабышты салып ыр курап, дастанчылар ыр сунат» аттуу концерттик программа тартуулашты.
Иш-чарага Нарын районунун акиминин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович жана маданият өкүлдөрү, жергиликтүү ыр ышкыбоздору катышты.
Концерттик программа кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхы, байыркы мурасы катары бааланган «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, дастан айтуу жана элдик ырлар менен коштолду.
Бул салтанаттуу иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана аймактагы элдин руханий дүйнөсүн байытуу, ошондой эле жаштарды жакшылыкка, каада-салты даңктоого жана сактоого үндөө болуп саналат.
Элдин руханий дүйнѳсүн байытууда кошкон зор салымы жана ишиндеги үзүрлүү эмгеги үчүн, Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын дастанчыларына Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык каты тапшырылды.

Жайна Келдибекова