Dobolu

ДӨБӨЛҮ ЖАШТАРЫН КУБАНДЫРГАН ФУТБОЛДУК АЯНТЧА

7 Ноябрь 2024 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны: 21

СПОРТ — ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ!

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛЫНДА КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛҮҮ АЛДЫНДА ТУРАТ.

Спортко кызыккан айыл жаштары футболдук аянтча жок болсо  дагы шагыл үстүндө топ ойноп келишкен. Айыл жаштарынын спортко ынтызарлыгын көргөн  айыл өкмөт башчы  жана айылдык жергиликтүү кеңештин демилгеси менен 2021- жылы Нарын облусунун Теңир Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор жазылган. Долбоор 2024- жылдын январь айында облустук Теңир Тоо өнүктүрүү фондунун комиссиясынын кароосунан өтүп  3188000 сом жана Дөбөлү айыл өкмөтүнөн өздүк салымы бөлүнүп берилип,  ОсОО АТНЖ фирмасы 3125000 сомго тендерден утуп, июль айынан баштап курулуш ишин башташкан. Натыйжада кичи футболдук аянтча үч  айдын ичинде дээрлик толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү алдында турат.

Футболдук аянтча

Футболдук аянтча

 

Индира Мөндүрбаева