Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын 1985-жылдан 2005-жылкы жаштарынын арасында «Ынтымак» аталышындагы өтмө кубогу уюштурулду.
Оюнга жалпысынан 17 команда катышып, жалпы байге фонду 51000 сомду түздү. Жалпы чогулган акчадан:
1-орунду алган команда 5000 сом;
2-орунду алган команда 3000 сом;
3-орунду алган команда 2000 сом өлчөмүндөгү акча жана кубок, медалдар менен сыйланышты.
Ошондой эле бул кубоктун максаты айыл элинин муктаждыктарын чечүү , жардам берүү болгондуктан, 30000 сом өлчөмүндөгү акча айылдын мечитине ремонт иштерине жардам катары берилди.
Уюштуруучулар, бул кубок мындан ары да уланып , бир жылда эки жолудан өткөрүлөрүн билдиришти.

Оюндун катышуучулары

2001-жылкы айылдын жаштары

1-орунду алган команда

Индира Мөндүрбаева