Dobolu

Дөбөлүдө сугат жерлерин сугаруу үчүн суу бөлүштүргүчтөр курулду

31 Октябрь 2026 жыл 17:15
Көрүүлөрдүн саны: 11

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛЫНДА СУГАТ СУУСУН ЭФФЕКТИВДҮҮ ПАЙДАЛАНУУГА БАГЫТТАЛГАН ИШТЕР ЖҮЗӨГӨ АШУУДА

Дөбөлү айылында айыл чарбасын өнүктүрүү, дыйкандардын эмгегин жеңилдетүү жана айдоо жерлерин сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында маанилүү долбоор ишке ашырылууда.

Аталган долбоор Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 950 000 (тогуз жүз элүү миң) сомду түзгөн 5 суу бөлүштүргүч куруу боюнча сунушталып, анын негизги максаты — айдоо жерлерине сугат суусун жеткиликтүү кылуу, суу ресурстарын үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу, сугат иштерин жөнгө салуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундардын демилгеси жана өздүк салымдын негизинде 3 суу бөлүштүргүч курулуп бүттү. Алар:

Кур-Сай суу бөлүштүргүчү;

Куу-Дөңгөч суу бөлүштүргүчү;

Төө-Жайлоо суу бөлүштүргүчү.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, Кур-Сай жана Куу-Дөңгөч суу бөлүштүргүчтөрүн курууда Дөбөлү айылынын жаштары активдүү демилге көтөрүп, жалпы 40 000 сом өлчөмүндө каражат бөлүп, жергиликтүү эл менен биргеликте курулуш иштерин жүргүзүштү.

Бул демилге — айыл жаштарынын мекенге болгон жоопкерчилигинин, биримдигинин жана туулуп-өскөн жерин өнүктүрүүгө кошкон салымынын айкын үлгүсү.

Суу — айыл чарбасынын негизги булагы. Жаңы курулган суу бөлүштүргүчтөр дыйкандар үчүн сугат суусун туура бөлүштүрүүгө, суунун ысырап болушун азайтууга жана айдоо жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Дөбөлү айылынын тургундарынын, жаштарынын биргелешкен аракети менен башталган бул саамалык айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Биримдик бар жерде — береке бар! Элдин күчү, жаштардын демилгеси менен айыл өнүгөт!