Дөбөлү — Алыш айылына чейинки жолунда чоң тазалоо иштери өттү.
28- мартта Дөбөлү айыл өкмөтүнүн демилгеси колго алынып, Өмүр Токтосунов атындагы мектептин мугалимдери жана жамааты тарабынан ишембилик өткөрүлдү. Тазалык иштери Дөбөлү айылынын башынан башталып, Алыш айылына чейинки жолдун жээктерин камтыды.
Иштин жүрүшүндө:
Жол жээгиндеги таштандылар (пластик, кагаз, айнек) толугу менен тазаланды.
Жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн жагымдуу шарт түзүлдү.
Жаратылышка келтирилген зыяндын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрдү.
Бул акция — айылдын көркүн ачуу менен бирге, өсүп келе жаткан муунга “Таза айыл — таза келечек” деген ураанды иш жүзүндө көрсөтүү болуп саналат.
